





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат» деген аятын окуду. Бул аятта Аллах Таала Куранды Өзүнүн Пайгамбарына түшүргөн Зат экендигин айтты. Ошондой эле анда ачык маанидеги, өкүмдөрү белгилүү жана ачык-айкын болгон аяттарды камтыганын айтты. Бул аяттар Курандын негизги өкүмдөрү жана таяна турган аяттары болуп саналат. Куранда жана башка аяттар да бар, алар бир нече мааниге ээ болушу мүмкүн, кээ бир адамдарга ал аяттардын маанилери оор келип карама-каршы маанилер чыгат деп ойлошот. Андан соң Аллах бул аяттарды түшүнүүдө адамдардын туура эмес мамилесин баяндап берди. Алардын жүрөгүндө акыйкаттан кыйшаюу бар болгонун айтты. Алар чечүүчү, ачык аяттарды ташташып эки ара мааниде болгон окшош аяттарды алышып, элди күмөнгө салып, адамдарды адаштырышат. Алар ал аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелөөгө умтулушат. Ал эми илимге бекем болгондор бул окшош аяттарды билишет жана аны чечүүчү аяттарга кайтарышат жана анын Аллахтан келгенине ишенишет. Алар бул аяттар түшүнүксүз же карама-каршылыктуу болушу мүмкүн эмес деп билишет. Бирок бул аяттардан бир гана тунук акылдуу адамдар сабак жана эскертме алышат. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуулардын энеси Айшага (Аллах андан ыраазы болсун) эгерде ал окшош аяттарды ээрчигендерди көрсө, анда аларды укпай сак болууну айтты. Мына ошолор Аллах Таала: «Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгондор» - деп айткан адамдар экендигин айтты.
Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».
Ат-Тирмизи жазып калтырганБир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип кулдарынын кылган иштерине жана алардын айткан жалган сөздөрүнө, аманатка кыянаттык кылгандарына, соода-сатык иштеринде алдаганына жана ага баш ийбегендигине даттанат. Анан ал киши аларды тилдеп, тарбиялоо үчүн сабаганын айтты. Анан Пайгамбарыбыздан алар менен Кыямат күнүндөгү абалын сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Сага кыянат кылгандар, сага моюн сунбагандар, сага жалган айткандар суракка алынат жана сенин аларга берген жазаң да суракка алынат. Эгерде жазанын өлчөмү алардын күнөөлөрүнө барабар болсо, анда сага пайда болбойт, сага зыян да болбойт. Алардын күнөөлөрүнө караганда берген жаза көбүрөөк болсо, анда ашыкча жазаң үчүн сенден өч алынып, аларга берилет. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасына коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт. Эгерде (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз» деген аятты окубадыңбы?» - деп айтты. Ошентип, кыямат күнү эч кимге зулумдук кылынбайт жана адамдардын ортосундагы тараза адилеттүү болот. Ал киши: «Аллахка ант болсун! Оо, Аллахтын элчиси, мен өзүм үчүн да, алар үчүн да аларды таштап коюудан жакшыраак эч нерсе таба албайм» - деди. Мен күбөлүк берем, алардын баары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн азат болсун деп ал күндөгү сурактан жана азаптан коркуп баарын азат кылды.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат: Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах Таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөсү, 68-аят). Аллах Таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Көп киши өлтүрүп, зына кылган кээ бир мушриктер Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишип, ага: "Силердин Исламга жана аны үйрөрүүгө чакырып жатканыңар жакшы нерсе. Бирок биздин абалыбыз кандай болот? Биз аткарып койгон ширк жана чоң күнөөлөрүбүздүн каффараты барбы?" - дешти. Ошондо Аллах Таала эки аят түшүрдү. Бул аятта Аллах адамдардын күнөөлөрүнүн көптүгүнө жана чоңдугуна карабастан, алардын тообосун кабыл кылганы айтылган. Эгерде андай болбогондо, алар каапырлык жана зулумдуктарын уланта беришмек жана алар бул динге кирмек эмес.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Ат-Тирмизи жана Ибн Хаббан жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып, мындай деди: Оо, адамдар! Аллах силерден Исламга чейинки доордогу текебердикти жана Исламга чейинки доордун сыймыгы жана ата-баба менен сыймыктанууну көтөрдү жана аларды жок кылды. Тактап айтканда адамдар эки түргө бөлүнөт: Алар Аллах Таалага ибадат кылган салих, такыба, моюн сунуучу болот. Мындай адамдар эл ичинде теги, тукуму болбосо да Аллахтын алдында урматтуу болот. Же бузуку жана бактысыз каапыр болот. Мындай адамдар бийик даражалуу, кадыр-баркы жана бийлиги бар болсо да Аллахтын алдында эч нерсеге татыбаган, кор жана төмөн болушат. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Теги топурактан болгон адамдын текеберленип өзүнө суктануусу туура эмес. Буга Аллах Тааланын сөздөрү далил. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Зубайр бин Аль-Аввам риваят кылып айтты: Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты".
Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырганБул аят түшкөндө: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" б.а. Аллахтын силерге берген нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылуу жөнүндө сураласыңар" - деп түшкөндө Зубайр бин Аль-Аввам, радыяллаху анху, айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылыктар жөнүндө суралабыз? Тактап айтканда, алар суроону талап кылбаган эки нээмат-жакшылык болгон курма жана суубу? - деп айтат". Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силер бул абалыңардагы нээмат-жакшылыктар жөнүндө сураласыңар. Тактап айтканда бул экөөсү Аллах Тааланын нээматтарынан эки чоң нээмат".
Абу Нажих Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жаш алды. Биз: "О Аллахтын элчиси, бул сөздөрүңүз биз менен коштошуп жаткандай туюлду. Бизге осуят кылыңызчы" - дедик. Ал мындай деди: "Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла . Бул сүннөт-жолго азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени жаңыдан пайда болгон бидааттын баары - адашуу".
Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына жеткиликтүү насаат айтып, андан жүрөктөр коркуп титиреп, көздөрдөн жаш агып кетет. Анан алар: О, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошкондой насаат айттың - дешет. Насааттын өтө жеткиликтүү айтылганынан улам алар муну байкаган болчу. Анан ал өткөндөн кийин такай аткарып жүрө турган ишти осуят кылуусун андан суранышат. Ал: Улуу Аллах Таалага такыба болгула - дейт. Такыбалык ваажыб, буйруктарды аткаруу жана арам, тыюу салынган иштерден тыйылуу менен болот. "Уккула жана баш ийгиле" - дейт. Т.а. башчыларга баш ийгиле. Эгерде силерге кул башчы болуп же өкүмдарлык кылса, ага да баш ийгиле. Мындайча айтканда, калайыктын ичинен даражасы эң төмөн адам башчы болсо да, аны теңсинбей койбой, ага баш ийгиле, фитна, бүлгүндөн этият болуу үчүн. Анткени, кимдин өмүрү узун болсо келечекте көп келишпестиктерди көрөт. Андан кийин аларга мындай келишпестиктерден алып чыга турган жолду баяндады. Бул - ал өткөндөн кийин анын жана анын туура жол көрсөтүүчү халифтеринин сүннөт жолун бекем кармоо. Булар Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан жана Али бин Абу Талиб (Аллах алардан ыраазы болсун). Ушул жолду азуу тиштери менен бекем тиштөөгө үндөдү. Б.а. сүннөттү бекем тутуп, аны менен жүрүүгө тырышууга үндөдү. Ошондой эле аларга динде жаңыдан пайда болгон иштерден этият болууну эскертти, анткени бардык жаңыдан пайда болгон иштер адашууга алып барат.
Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн атынан Куран же сүннөт илимдерин, ал бир аят же бир хадис болсо да жеткирүүгө буйруп жатат. Аларды элге жеткирүүдө эмнени жеткирип жатканын жана эмнеге чакырып жатканын билүүсү шарт. Андан соң Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бану-Исраилдин шариятыбызга каршы келбеген окуяларын айтуунун зыяны жок экенин баяндады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айтуудан тыйды. Ким анын атынан атайылап жалган айтса, анда өзүнө тозоктон жайын алып коёо берсин».
Аль-Микдам бин Маъдийкариб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырганПайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерин укса да ал сөөрүсүндө жатып алып: «Биз менен силерди бөлүп турган нерсе – бул Ыйык Куран жана ал бизге жетиштүү. Анда эмнени адал деп тапсак, ага ылайык амал кылабыз, ал эми эмнени арам деп тапсак, андан алыс болобуз» - деп айткан адамдар чыккан замандын жакындаганынан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө арам кылган иштер же тыюу салган нерселердин баары Аллах Өз Китебинде тыюу салган нерселердин өкүмүнө окшош экенин баяндады. Анткени ал Раббисинин буйруктарын жеткирүүчү гана.
Ал-Ирбаз бин Сария (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашуу".
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына жеткиликтүү насаат айтып, андан жүрөктөр коркуп титиреп, көздөрдөн жаш агып кетет. Анан алар: О, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошкондой насаат айттың - дешет. Насааттын өтө жеткиликтүү айтылганынан улам алар муну байкаган болчу. Анан ал өткөндөн кийин такай аткарып жүрө турган ишти осуят кылуусун андан суранышат. Ал: Улуу Аллах Таалага такыба болгула - дейт. Такыбалык ваажыб, буйруктарды аткаруу жана арам, тыюу салынган иштерден тыйылуу менен болот. "Уккула жана баш ийгиле" - дейт. Т.а. башчыларга баш ийгиле. Эгерде силерге кул башчы болуп же өкүмдарлык кылса, ага да баш ийгиле. Мындайча айтканда, калайыктын ичинен даражасы эң төмөн адам башчы болсо да, аны теңсинбей койбой, ага баш ийгиле, фитна, бүлгүндөн этият болуу үчүн. Анткени, кимдин өмүрү узун болсо келечекте көп келишпестиктерди көрөт. Андан кийин аларга мындай келишпестиктерден алып чыга турган жолду баяндады. Бул - ал өткөндөн кийин анын жана анын туура жол көрсөтүүчү халифтеринин сүннөт жолун бекем кармоо. Булар Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан жана Али бин Абу Талиб (Аллах алардан ыраазы болсун). Ушул жолду азуу тиштери менен бекем тиштөөгө үндөдү. Б.а. сүннөттү бекем тутуп, аны менен жүрүүгө тырышууга үндөдү. Ошондой эле аларга динде жаңыдан пайда болгон иштерден этият болууну эскертти, анткени бардык жаңыдан пайда болгон иштер адашууга алып барат.