





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Муса ал-Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жаттап көкүрөккө киргизгенден кийин кайра унутуп калбоо үчүн Куранга бекем болууга, тилават кылып окууга көңүл бурууга буйруган. Курандын эстен бат чыгып кетерин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип бекемдеп айткан. Куран буту жип менен чидерленген төө бошонуп качып кеткенден да бат эстен чыгат. Ал төөнү адам караса кармап калат, бошотуп койсо качып кетет жана жоголот.
Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".
Бухари жазып калтырган.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын абзели, Аллахтын алдында даражасы бийиги - Куранды окуганды, жаттаганды, кыраат кылганды, түшүнгөндү, чечмелегенди үйрөнүп, анан өзү билген Куран илимин башка бирөөлөргө үйрөтүп, өзү да аны иш жүзүндө аткарып амал кылганы деп баяндаган.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".
Муслим жазып калтырган.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдө такыр намаз окубай, аны намаз окулбай турган кабырга окшотуп алуудан тыйган. Андан кийин Бакара сүрөөсү окулуп турган үйдөн шайтан качып чыгары тууралуу кабарлаган.
Абу Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, Аллах Таала аны жамандыктан сактаарын кабарлаган. Кээ бир аалымдар: Түнкү намаздын ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Башка зикирлердин ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Аз дегенде түндө туруп Куран окуунун ордуна жарайт деген. Мындан башка да пикирлер бар. Кантсе да бул пикирлердин баары бирдей эле туура мааниде.
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат. "Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга".
Ат-Тирмизи жазып калтырган.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир мусулман Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн бир жакшылык жазыларын, ал жакшылык он эсеге көбөйтүлөрүн кабарлаган. Кийин аны мынтип баяндады: ("Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга"): ошондо үч тамга болуп, ага отуз жакшылык жазылат.
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле.
Аиша энебиз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланы эстеп зикир кылууга аябай куштар экенин айткан. Ал Аллахты бардык жерде, бардык убакта, бардык абалда эстейт эле.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
Муслим жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, жарымы мен үчүн, жарымы ал үчүн". Биринчи жарымы: Аллахка шүгүрлөр, мактоолор жана улуктоо жана аны эң жакшы сыйлык менен сыйлоо. Экинчи жарымы: дуба жана жалбаруу. Аллах Таала айтты: "Мен ага жооп берем жана сураганын берем" - деди. Намаз окуган адам: "Альхамду лиллахи Раббиль ааълямиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем мага шүгүрлөрдү айтты". Эгер ал: "Ар-Рахманир Рахийм" - десе, Аллах айтат: «Менин пендем Мени мактады жана Мага шүгүрлөрөрдү айтты. Менин жаратканыма болгон жакшылыктарды жалпылай моюнга алды". Эгер ал: "Маалики яумуддиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем Мени улуктады, бул эң чоң сыймык". Эгер намаз окуган адам: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - десе, Аллах: "Бул Мен менен пендемдин ортосунда" - дейт. Бул аяттын биринчи жарымы Аллахка таандык. Ал аят: "Иййака наьбуду". Бул - ибадат Аллахка гана болоорун моюнга алуу жана Ага гана ибадат кылууну кабыл алуу. Ушул менен Аллахка тиешелүү жарымы бүтөт. Ал эми аяттын экинчи жарымы пенде үчүн. Ал аят: "Иййака настаьийн". Бул - Аллахтан жардам суроо жана Анын жардам берүүгө болгон убадасы. Эгерде намаз окуучу: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - десе, Аллах айтат: "Бул Менин пендемдин дубасы жана жалбаруусу. Пендемдин сураганы берилет жана мен анын дубасын кабыл кылдым".
Саъид бин Мусаяб атасынан укканын айтат: Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Абу Талиб жан берерде анын жанына кирип, ага мындай деди: Ага, "Лаа илааха иллаллоху" деңиз, Аллахтын алдында ушул сөзүңө сага күбө өтөм. Абу Жахил менен Абдуллах бин Абу Умая экөөсү: Эй, Абу Талиб, атаң Абдулмутталибдин динин чанып кетесиңби?! - дешти. Анын дини буттарга сыйынуу дини болчу. Ошентип экөө улам кайталап айтып жатып, акырында Абу Талибдин соңку сөзү: Мен Абдулмутталибдин дининдемин деген сөз болду. Ширк жана буттарга сыйынуу дининде (калды). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага кечирим тилеп дуба кылам, Аллах мени мындан тыйганча - деди. Ошондо Аллах Таала бул аятты түшүрдү: "Пайгамбарга да, ыймандуу пенделерге да, мушриктер алардын тууганы болсо деле, алар тозоктун тургундары экени маалым болгондон кийин, аларга кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят). Абу Талиб жөнүндө Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү түшкөн: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың. Бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат. Ал туура жолго түшүүчүлөрдү билүүчү" (Касас, 56-аят). Сен туура жолго түшүүсүн самаган адамыңды туура жолго сала албайсың, сенин милдетиң жеткирүү гана. Аллах кимди кааласа аны туура жолго салат.
Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу . Куран окуган эки жүздүү (мунафык) адам райхан сыяктуу, анын жыты буркураганы менен даамы ачуу. Ал эми Куран окубаган эки жүздүү адам колоцинт сыяктуу, анын жыты да жагымсыз, даамы да ачуу”.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуган жана андан пайдаланган адамдардын түрлөрүн баяндаган: Биринчиси: Куранды окуп, андан пайдаланган ыймандуу адам. Ал цитрон деп аталаган өсүмдүктүн мөмөсү сыяктуу, анын даамы да жакшы, жыты жана түсү да жакшы. Анын пайдасы көп, ал окуганына амал кылат жана башка пенделерге да пайдасын тийгизет. Экинчиси: Куранды окубаган ыймандуу адам. Ал курма сыяктуу, даамы таттуу, бирок анын жыты жок. Курма даамды ичине ороп алып, бирок анын адамдар жыттай турган жагымдуу жыты жок болгон сыяктуу, тиги адамдын жүрөгү ыйманды ороп алган, бирок адамдар угуп ырахат ала тургандай Куранды окубайт. Үчүнчүсү: Куран окуган мунафык. Ал Райхан сыяктуу, анын жыты жагымдуу бирок даамы ачуу. Б.а. анын жүрөгү ыйман менен оңдолгон эмес, Куранга да амал кылбайт, адамдардарын арасында өзүн мусулман сыяктуу көрсөтөт. Жыты жакшы деп анын Куран окуганын окшоткон. Даамы ачуу деп анын каапырлыгын окшоткон. Төртүнчү: Куран окубаган мунафык. Ал колоцинт сыяктуу, анын жыты да жок, даамы да ачуу. Анын жытынын жоктугун Куран окубаганына окшоткон; Куран окубагандыгы үчүн. Даамынын ачуулугун каапырлыгынын ачуулугуна окшоткон. Ичи да ыймандан бош, сырткы иштери да пайдасыз, тагыраагы, зыяндуу.