





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Айша жана Абдулла бин Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал экөөсү айтты: "Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Бул хадисте Айша жана Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деп кабарлап жатат: "Пайгамбарга (Аллахалардан болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда аны жүзүнөн алып салып жатты. Ошондой оор абалда жатып мындай деди: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады жана аларды Өз ырайымынан алыстатты. Себеби, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүнө мечиттерди салышкан". Эгер бул иштин коркунучтуулугу болбогондо, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай кыйын абалда аны эскертмек эмес. Ошондуктан ал мына ошого окшош иштерден үммөтүнө тыюу салды. Анткени ал яхудийлер менен христиандардын кылганы жана Аллах Таалага ширк кылууга алып баруучу жол.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) раббисинен дуба кылып, анын кабырын адамдар улуктап, ага сажда кылып өөп сыйынуусунан сактоону сурады. Андан кийин Аллах Пайгамбарлардын кабырын мечитке (ибадат жайына) айланткан адамдарды Өз мээриминен алыстатты жана чыгарып салды. Анткени пайгамбарлардын кабырларын мечит кылып алуу аларга ибадат кылууга жана алар пайда жана зыян берет деп ишенүүгө жол ачат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ширк келтирген шериктерге муктаж эмес. Бардык нерсе Аллахка муктаж. Ал эч бир нерсеге муктаж эмес экендигин баяндап жатат. Эгерде инсан кандайдыр бир ибадат кылып, ниетинде Аллах үчүн жана башка бирөө үчүн болсо, анда Аллах аны кабыл кылбастан, аны таштап, ширкин кайра ээсине кайтарып коёрун кабарлап жатат. Ошондуктан иш-аракеттерди ихлас менен Аллах үчүн кылуу зарыл. Анткени Аллах ихлас менен аткарылган иш-аракеттерди гана кабыл кылат.
Жундуб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып ала турган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага Ибрахим пайгамбар жеткендей пайгамбарыбыз да жеткенин кабар берди. Ошондуктан Пайгамбар өзүнө Аллахтан башканы халил болуусун тыйган. Анткени анын жүрөгү Аллах Тааланы сүйүүгө, улуктоого, жана Аны таанып билүүгө толгон болчу. Ошондуктан ал жүрөгүнө Аллахтан башка эч кимди батырган эмес. Эгерде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардан кимдир бирөөнү халил кылып ала турган болсо, анда Абу Бакрды (Аллах андан ыраазы болсун) халил кылып алмак. Андан кийин Пайгамбар (Аллах андан ыраазы болсун) бирөөнү жакшы көрүүдө уруксат берилген чектен Яхудийлер жана христиандар сыяктуу ашып кетүүдөн эскертти. Алар пайгамбарларын жана салих адамдарын чектен чыгып сүйгөндүктөрү себептен алардын кабырын сыйынуучу кудайча кылып алышты. Алардын кабырларына мечиттерди жана ибадатканаларды тургузушту. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнү яхудийлер жана христиандар аткарган нерселерден кайтарды.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу пенде кызганып, жек көрүп, жийиркенген сыяктуу Аллах Таала да кызганарын, жек көрөрүн жана жийиркенерин кабарлаган. Аллах Таалынын кызгануусуна, ыймандуу пенденин арак ичүү, уурулук кылуу, бачабаздык кылуу, зына жана башка ушулар сыяктуу Аллах тыюу салган ыплас иштерге баруусу себеп болот.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) бир кишинин мындай деп айтып жатканын угуп калат. Ал киши: «Жок, Каабага ант болсун!» - дейт. Ошондо Ибн Умар мындай деп айтат: «Аллахтан башкага ант ичилбейт. Чындыгында, мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын укканмын: «Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан жана анын ысым-сыпаттарынан башкага ант ичкен адам Аллахка каапырлык кылганын же ширк кылганын кабар берип жатат. Себеби ант ичүү ант ичкен нерсени улуктоону талап кылат. Чындыгында, бардык улуулук Жалгыз Аллахка гана таандык. Ошондуктан бир гана Аллахка же анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот. Аллахтан башкага ант ичүү кичине ширк (2) болот. Эгерде ант ичкен адам ант ичкен нерсесин Аллахты улуктагандай же андан ашырып улуктаса, анда ал учурда чоң ширк болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты: "Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар берип жатат. Эгер алар мусулман жамааты менен болуудагы сооп-сыйлыктардын кадырын билишкенде, анда бала колу жана тизеси менен жөрмөлөгөндөй жөрмөлөп болсо да келишмек. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окууга буйрук кылып намаз окулуп, өзүнүн ордуна башка бирөөнү адамдарга имам болууга дайындап андан соң жамаат намазга келбеген эркектерге отун көтөргөн бирөө менен барып, алар жамаатка келбей оор күнөө кылышканы үчүн үйлөрүн өрттөп жиберүүнү каалады. Бирок ал муну кылган жок. Анткени үйлөрдө эч кандай күнөөсү жок аялдар, балдар жана башка үзүрлүү адамдар бар болчу.
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар".
Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) адамдардын эң жамандары тууралуу айткан. Алар кыямат кайымдын болгонун көргөн адамдар. Ошондой эле мүрзөлөрдү мечит кылып, анын үстүндө же ага жүздөнүп намаз окугандар.
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчиси мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.
Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн эң корккон иш: кичине ширк экенин кабарлаган. Ал: Рия, б.а. адамдар үчүн амал кылуу. Андан кийин рия кылган адамдардын кыямат күнүндөгү жазасын кабарлаган. Аларга "Ким үчүн амал кылган болсоңор, ошого баргыла жана карагыла, алар силерге амалыңарга жараша сооп бере алар бекен" деп айтылат.