





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Самура бин Жундаб жана Мугира бин Шууба (аларга Аллах ыраазы болсун) экөө айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".
رواه مسلم في مقدمتهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ким кайсы бир хадистин жалган экенин анык билип туруп, же жалган болуш керек деп күмөнсүрөп туруп, аны пайгамбардын атынан айтып таратса, ал ушул жалгандын таралуусуна шериктеш болуп калат.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир сөздү же ишти ага таандык кылып атайын жалган айтса, акыретте тозоктон ага орун даярдаларын кабарлаган. Ага жалган айтканынын жазасы ушул.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнүн акыркыларынан калпты ойлоп чыгарып, өздөрүнөн мурда эч ким айтпаган сөздөрдү айтышып, жалган жана токулма хадистерди айта турган адамдар пайда болоорун кабарлады. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди алардан алыс болуубузду, алар менен отурбоону жана алардын айткан хадистерин укпоону буйруду. Анткени бул токулма хадистер адамдардын аң-сезиминде калып калат да, андан арыла албай калабыз.
Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.
Абу Дауд жазып калтырганАбдулла бин Амр, радыяллаху анху, айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын баарын жазуу түрүндө сактап калуу үчүн жазчумун. Бирок Курайш уруусундагы кишилер тыюу салышты да мага: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде. Кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт. Кээде ката кетириши мүмкүн" - дешкенде жазууну токтоттум. Ошондо мен Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа салламга, алардын айткандарын айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан бардык абалда, ачууланып турган абалда да, ыраазы болуп турган абалда да, акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. Чындыганда, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбары, саллаллаху алейхи уа саллам, жөнүндө мындай деген: "Ал өз каалоосу менен сүйлөбөйт. Чындыгында, ал (сүйлөгөн нерсе) түшүрүлгөн вахийден (8) башка нерсе эмес".
Абу Абдурахман Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
رواه البخاري ومسلمПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, ал эми Исламдын башка жөрөлгөлөрү курулушту толуктап бүтүрөт. Бул түркүктөрдүн биринчиси: эки күбөлүк; Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси деген күбөлүктөр. Бул экөө бири-биринен ажырагыс болгон бир түркүк. Пенде бул эки күбөлүктү Аллахтын жалгыздыгын, Ал гана ибадатка татыктуу экендигин, Андан башка ибадатка татыктуу жоктугун моюндап айтат. Бул күбөлүктүн талабын аткарып амал кылат. Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динине ишенип, анын артынан ээрчийт. Экинчи түркүк: Намаз окуу. Бул бир сутка ичинде окула турган беш убак парз намаз. Алар: Багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан. Намаз окуганда анын (сырткы) шарттары, (ички) үрүкүн-парздары жана ваажыбдары толук аткарылуусу керек. Үчүнчү түркүк: Парз болгон зекетти берүү. Бул шариятта чектелип көрсөтүлгөн чек-өлчөмгө жеткен малдан милдеттүү түрдө бериле турган байлыкка тиешелүү ибадат. Зекет аны алууга ылайыктуу болгон адамдарга берилет. Төртүнчү түркүк: Ажы кылуу. Бул Аллахка кулчулук кылуу үчүн Меккени максат кылып барып, анда ажылыктын талап, тартиптерин аткаруу. Бешинчи түркүк: Рамазан айында орозо тутуу. Бул таң аткандан баштап, күн батканга чейин Аллахка кулчулук кылуу ниети менен жегенден, ичкенден ж.б. орозону буза турган иштерден сактануу.
Абу Абдурахман Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.
رواه البخاري ومسلمИбн Масуъд: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал айтканында чынчыл жана тастыкталган» - деп айтты. Анткени ал Аллах Таала тарабынан тастыкталган эле. Пайгамбар айтты: «Силердин жаралууңар бир канча күндө бириктирилет». Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күндө жыйналат. Анан ал «Алака» болот. Ал коюу, катуу кан. Бул экинчи кырк күндүк убакытта болот. Анан ал мудгага айланат. Ал бир кесим эт. Бул үчүнчү кырк күндүк убакытта болот. Андан кийин Аллах ага периштени жиберет. Ал периште үчүнчү кырк күндөн кийин ага рух үйлөйт. Периште төрт сөздү жазууга буйрулат: Анын ырыскысы. Ал бул жашоосунда канчалык өлчөмдө ала турган ырыскысы жазылат. Анын ажалы: анын бул дүйнөдө жашай турган мөөнөтү жазылат. Ал эми анын иш-аракеттери жана анын кандай иш-аракет экендиги жазылат. Ошондой эле анын бактысыз же бактылуу экендиги жазылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип мындай деп айтты: «Бир адам бейиш ээлеринин амалдарын жасайт жана анын амалдары адамдарга салих амалдар болуп көрүнөт. Аны менен бейиштин ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ал жакшы амалдарды аткарып жүрөт». Ал менен Бейиштин ортосундагы бир чыканактай гана аралык калгандан кийин жазылган китеби жана белгиленген тагдыры ага үстөмдүк келип, ал тозок элинин амалын кылат жана ал амалдары анын жашоосундагы акыркы амалдары болуп тозокко кирет. Анткени, анын кылган иш-аракеттеринин кабыл болушунун шарты – аны туруктуу, өзгөртпөй аткарып жүрүүсү керек. Ал эми адамдардын кээ бирлери тозок ээлеринин амалдарын тозокко кирүүгө жакындаганга чейин аткарат жана тозок менен анын ортосунда чыканактай аралык калат. Ошондо жазылган китеби жана белгиленген тагдыры үстөмдүк кылат. Ошондо ал бейиш ээлеринин амалдарын жасап, бейишке кирет.
Ыймандуулардын энеси Умму Абдулла Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат ". Муслимдин риваятында "кимде-ким биздин шариятыбызда жок амалды кылса, ал өзүнө кайтарылат" деп айтылган.
رواه البخاري ومسلمПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".
رواه البخاري ومسلمПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айтып жатат: эгер ал бизди кайсы бир иштен тыйса, биз эч бир каяшасыз дароо тыйылышыбыз зарыл. Ал эми ал бизди кайсы бир ишке буйруса, ал ишти алыбызга жараша гана аткарабыз. Андан кийин мурда жашап өткөн кээ бир элдерди эскерип, алар пайгамбарларына көп суроо берип, каршы чыгып, акырында ошол себептүү Аллах Таала аларды кыйратып жок кылганын айтып, ошолор сыяктуу болбогула деди.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйруган нерсеге буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, элчилер! Таза, адал нерседен жегиле! Жакшы иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “Оо, Раббим! Оо, Раббим!” - деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Аллах Таала Таза, Ыйык, айып, кемчиликтерден аруу, толук сыпаттар менен сыпатталган. Сөздөрдүн, амалдардын, ишенимдердин тазасын гана кабыл кылат. Мындай ибадаттар калыс Аллах үчүн анан пайгамбардын көрсөткөн тартибинде болушу керек. Аллах Таалага ушндай жол менен гана жакындоого болот. Ыймандуу адам үчүн анын эң таза амалы - таза, адал ырыскы менен азыктануусу. Ошон үчүн Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйругандай таза, адал тамактанууга жана жакшы амалдарды аткарууга буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким арамдан ырыскы жесе, анысы аткарган амалын бузуп, анын сырткы көрүнүшү кабыл боло тургандай көрүнсө да, кабыл болбой каларын эскерткен. Кабыл боло тургандай көрүнгөн сырткы көрүнүштөр булар: Биринчи: Ажылык, жихад, же туугандар менен байланышуу сыяктуу Аллахка таат кылуу максатында болгон узун сапарлар. Экинчи: таралбай чатышып калган чачы, чаң басып калган кийими, анын муктаж экендигинен кабар берет. Үчүнчү: Колун асманга сунуп дуба кылганы. Төртүнчү: Аллахтын ысымдарын ортого салып, Оо, Раббим! Оо, Раббим! - деп жалбарганы. Ушундай себептердин болуусуна карабай анын дубасы кабыл болбойт. Анткени, анын жегени, ичкени, кийгени баары арамдан. Арам менен азыктанган. Мындай адамдын дубасы кайдан кабыл болмок эле.