





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон . Ошондуктан, эгер мен силерди бир нерседен тыйсам, андан алыс болгула. Эгер кайсы бир ишке буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шарият өкүмдөрү үч түрдүү болорун айтты: эч нерсе айтылбаган, тыюу салынган, буйрулган. Биринчиси: Шариятта ага карата эч нерсе айтылган эмес, эч кандай өкүм жок. Негизи аткарылуусу милдет болбогон иштерге карата болот. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда суроонун себебинен Аллах Таала ал нерсени важиб же арам кылып коюу коркунучу болгондуктан, али боло элек нерсени сурабоо важиб болгон. Анткени, ал нерсени Аллах Таала пенделериине ырайым кылып айтпай калтырган болушу мүмкүн. Ал эми пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин фатва алуу же жөн эле билип алуу үчүн дин иштери тууралуу суроого тыюу жок, тескерисинче сурап алуу зарыл. А эгер көктүк кылып, өзүн жана суралган адамды кыйноо үчүн ар кандай суроолорду берсе, анда бул жогорудагы хадиске кирет. Мындай көп суроо берүү Исраил урпактарынын башына түшкөн сыяктуу мүшкүлгө салат. Аларга уй сойгула деген буйрук болгондо, каалаган уйду соё койсо болмок, бирок алар улам сурай берип өздөрүнө-өздөрү кыйынчылык жаратып алышты. Экинчиси: тыюу салынган иштер: мындай иштерди кылбагандар соопко ээ болот, кылгандар күнөөкөр болот. Мындай иштердин баарынан алыс болуу важиб. Үчүнчүсү: буйрулган иштер: мындай иштерди аткаргандар соопко ээ болот, аткарбагандар күнөөкөр болот. Мындай иштерди чамасынын жетишинче аткаруу важиб.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады. Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот. Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын пенделеринин келбеттерине, алардын денелерине, алар сулуубу же сулуу эмесби, бул чоңбу же кичинеби, же ден соолугу тазабы же оорулуубу? - деп карабай турганын баяндады. Жана Аллах алардын акчасынын аз же көп экендигине карабайт. Аллах Таала пенделерин бул иштерден жана алардагы айырмачылыктары үчүн аларды азаптабайт. Бирок Аллах алардын жүрөктөрүнө жана жүрөктөрүндөгү такыбалыкка, ишеничке, чынчылдыкка, ыкластуулукка, же жоро көрсүн жана эл уксун деген максатына карайт.
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деди: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң - деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер - деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың - деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат - деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт - деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер - деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң - деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле - деп айтты».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Умар ибн аль-Хаттабка (Аллах андан ыраазы болсун) Жебирейил периште сахабаларга белгисиз бир кишинин кейпинде келгендигин кабарлап жатат. Ал кишинин сыпаттары – кийими өтө аппак, чачы өтө кара. Чарчагандай, чаң баскандай, чачы жүдөгөй, кийими кирдегендей болуп сапардын белгиси көрүнбөйт. Ал жерде отургандардын эч кимиси аны тааныбайт. Алар Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге отурганда, ал киши Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына үйрөнүүчү катары отуруп, андан Ислам жөнүндө сурады. Ошондо Пайгамбар ага эки күбөлүккө моюн сунуу, беш убак намазды окуу, татыктууларга зекет берүү, Рамазан айынын орозосун кармоо жана мүмкүнчүлүгү барларга ажылык парзын аткаруу сыяктуу Ислам түркүктөрүн айтып жооп берди. Суроо узаткан: Туура айттың деп айтты. Ошондо, сахабалар анын бул суроолорду билбестигинен сурап анан аны тастыктап жатканына таң калышты. Андан кийин ал киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман жөнүндө сурады. Ошондо ал Аллах Тааланын бар экенин жана Анын сыпаттарына ыйман келтирүү тууралуу, жаратуу сыяктуу иштерде Аллах жалгыз экенин, ибадат Жалгыз Ага гана болоорун айтты. Жана Аллах нурдан жараткан периштелер алар Аллах Таалага каршы чыгышпайт, Анын буйругу менен иш кылышат, ар дайым ибадатта болушат деп аларды айтты. Жана Пайгамбарларга Аллах Тааладан түшүрүлгөн Куран, Тоорат, Инжил ж.б. китептерге жана Аллахтын динин Аллахтын атынан жеткирген элчилерге, алардын арасынан Нух, Ибрахим, Муса, Иса, жана акыркы пайгамбар Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ж.б. пайгамбарларга жана элчилерге ыйман келтирүү деп айтты. Жана Акырет күнүнө ыйман келтирүүнү айтты. Акырет күнүнө ыйман келтирүүгө өлгөндөн кийин кабырда боло турган нерселер, Барзах ааламындагы жашоо, адамдын өлгөндөн кийин кайра тирилүүсү, сурак берээри жана анын кайра барар жери Бейиш же Тозок болоору ж.б.у.с. нерселер кирээрин айтты. Жана Аллахтын бардык нерселерди Өзүнүн алдын ала билгенине, даанышмандыгына, жазуусуна жараша тагдыр кылганына ыйман келтирүүнү айтты. Жана ал нерселер Аллахтын каалоосу менен болоору жана алардын ишке ашуусу Аллахтын тагдыр кылганына жана жаратканына жараша болооруна ыйман келтирүү деп алты түркүктүн баарын айтып жооп берди. Андан кийин ал киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ихсан жөнүндө сурады. Ага Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ихсан бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу экенин айтты. Эгерде ал ихсандын бул даражасына жетпесе, анда Аллах Таала аны көрүп тургандай ибадат кылсын. Ихсандын биринчи даражасы – бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу. Ал эң жогору даража. Ал эми экинчи даражасы – бул Аллах Таала аны көзөмөлдөп тургандай ибадат кылуу. Андан кийин ал киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат качан болорун сурады. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыяматтын качан болорун билүү Аллахтын Өз илимине жашырылган нерсе экенин жана аны макулуктардан эч ким, жада калса ал жөнүндө суралуучу да, сурап жаткан да билбей турганын баяндады. Андан кийин Пайгамбардан Кыяматтын белгилери жөнүндө сурады. Кыяматтын белгилеринен күң аялдардын жана алардын балдарынын көптүгү, же күңгө мамиле кылгандай энелерине баш ийбеген балдардын көптүгү. Жана Акыр заманда чабандар жана кедейлер үчүн дүнүйө кеңейип, алар имараттарды жасалгалоо жана куруу менен сыймыктанышы тууралуу айтты. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул суроону сахабаларга ушул акыйкат динди үйрөтүү үчүн келген Жебирейил периште экенин айтты.
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.
Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала зулумду Өзүнө арам кылганын жана зулумду Өзүнүн макулуктарынын арасында арам кылганын баяндап жатат. Ошондуктан эч ким башкага зулумдук кылбашы керек. Аллах туура жолго салып ага ийгилик берген адамдардан башкасынын баары акыйкат жолунан адашкандар. Ким Аллахтын туура жолго салуусун сураса, анда Аллах аны туура жолго салып ага ийгилик берет. Адамдар Аллахтын алдында кедей. Алар бардык муктаждыктарын орундатууда Аллахка гана муктаж. Ким Аллахтан сураса, анда Аллах анын муктаждыктарын орундатат жана ага жетиштүү болот. Алар күнү-түнү күнөө кылышат. Ал эми Аллах Таала пендеси кечирим сураганда, алардын күнөөлөрүн жаап, кечирип коёт. Адамдар Аллахка зыян да же бир нерсе менен пайда да бере алышпайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй такыба болушса да алардын такыбалыгы Аллахтын мүлкүн көбөйтө албайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй болуп бузуку болушса да, анда алардын жамандыгы Анын мүлкүнөн эч нерсе азайта албайт. Анткени алар Аллахтын алдында алсыз жана жакыр. Алар ар кандай абалда, убакта жана жерде Ага муктаж. Аллах муктаж эмес, Аруу Зат. Эгерде алардын алгачкыларынан баштап акыркыларына чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп Аллахтан муктаждыктарын сураса, Аллах алардын ар бирине сураган нерселерин берсе да бул нерселер ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусунан эч нерсе азайбагандай Аллахтын алдындагы нерселерден эч нерсе азайбайт. Аллах Таала Өзүнүн пенделеринин амалдарын эсептеп, сактап коёт да андан кийин аларды Кыямат күнү ээлерине кайтарат. Ошондуктан кимде-ким кылган жакшылыгынын сообун тапса, анда Аллах анын моюн сунуусуна ийгилик бергендиги үчүн Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтсын. Ал эми кимде-ким андан башка кылган ишинин жазасын тапса, анда өзүнүн жамандык менен зыянга баштаган нафсисин күнөөлөсүн.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: «Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Ат-Тирмизи жазып калтырганИбн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) ал жаш кезинде Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатканын кабарлап жатат. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Мен сага Аллах сага пайда бере турган иштерди жана нерселерди үйрөтөм» - деди. Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселериннен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Ошондо сен Аллахты өзүңө жакын тутуп жатканыңда, Ага ибадат кылып жатканыңда табасын жана Андан баш тартканыңда, күнөө кылып жатканыңда Аны таппайсын. Эгер ушундай кылсаң, сага сыйлык - Аллах сени бул дүйнө жана акырет балээлеринен сактап, кайда барбагын зарыл иштериңде жардам берет. А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет. А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сура. Сенде ушундай ишенич болсун эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат. Сахабалар: «Ким бейишке кирүүдөн тыйылат, эй Аллахтын Элчиси?» - деп сурашат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деп жооп берди: Ким Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) моюн сунса, ээрчисе жана ага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми кимде-ким шариятка моюн сунбаса жана баш ийбесе, анда жаман иш-аракеттери себебинен бейишке кирүүсүнө тыюу салынат.
Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».
Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким каапыр, бузуку же жакшы бир коомго өзүн окшотуп, аларга тиешелүү болгон акыйдаларынан, ибадаттарынан же үрп-адаттарынан бир нерсени аткарса, анда ал алардан болот. Анткени аларга өзүн-өзү сыртынан окшотуу алардын ички дүйнөсүнө да окшошуп калууга алып барат. Адамдарды тууроо аларга суктануунун натыйжасы экени талашсыз. Бул аларды сүйүүгө, аларды улуулоого, аларга таянууга алып келиши мүмкүн. Ал тургай ички ишениминде да жана ибадатта да аларга окшошууга алып келиши мүмкүн. Аллах андай болуудан сактасын.