





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Сахл бин Хунайф (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким шейит болууну чын жүрөктөн суранса, Аллах Таала аны ал төшөгүндө жатып өлсө да аны шейиттердин даражасына көтөрөт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах жолунда шейит болуп өлүүнү Аллахка чын ыкласы менен ниет кылса, Аллах Таала анын чын ниети үчүн эгер ал төшөгүндө жатып өлсө да шейиттердин даражасын берерин айткан.
Момундардын энеси Маймуна (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганга суу алып келдим. Анан аны кийим менен көрсөтпөй тосуп турдум. Ал оболу суу куюп колдорун жууду. Анан оң колу менен суу алып сол колуна куюп аврат жерлерин жууду. Анан колун жерге чаап, сүртүп, анан кайра жууду. Анан оозу, мурдун чайкады. Анан бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууду. Анан башына суу куюп, жалпы денесин жууду. Анан бир жагына жылып, буттарын жууду. Мен ага арчынганга кийим берсем аны алган жок. Колу менен денесиндеги сууну сыдырып, ары басты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Момундардын энеси Маймуна (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон кийин кандай жуунгандыгын айтып берген. Ал суу алып келип, кийим менен тосуп турат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүдөй тартипте жуунат: Биринчи: эки колун сууга салыштан алдын колуна суу куюп эки колун тең таза жууйт. Экинчи: оң колу менен суу алып сол колуна куюп, аны менен аврат мүчөлөрүн жууйт; ушинтип жунуб болгон учурда жугуп калган нажасаттардан тазалайт. Үчүнчү: анан ошол колун жерге уруп, ары-бери сүрүп, анан колун суу менен тазалап жууйт. Төртүнчү: оозун жууйт; оозун толтура суу алып, оозун чайкап, тамагына чейин жеткирип кайра түкүрөт. Анан мурдун жууйт; мурдуна суу тартып кайра чыгарат. Бешинчи: бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууйт. Алтынчы: башына суу куят. Жетинчи: жалпы денесине суу куят. Сегизинчи: ордунан жылып, анан буттарын жууйт. Маймуна энебиз ага арчынганга чачык алып келет. Бирок аны менен арчынбай, денесиндеги сууну колу менен сыдырып кургатат.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу . Кийин чачтарынын арасына колун салып, терисине чейин суу жеткени анык болгонго чейин аралатчу. Башына сууну ич ирет куйчу. Анан бүт денесин (суу куюп) жуучу. (Айша) дагы кошумчалайт: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогуу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунмакчы болгондо, колдорун жуудан баштаган. Кийин намазга даарат алгандай даарат алган. Андан кийин бүт денесине суу куйган. Кийин чачтарынын арасына колун салган. Чачтарынын түбүнө, терисине чейин суу жетти деп ишенгенге чейин колун салып аралаткан. Башына сууну үч жолу куйган, анан бүт денесине суу куюп жууган. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир. Бухариде: "Даарат ал жана аспабыңды жуу" - деп келген.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Али бин Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) ал маази суусу көп аккан киши болгонун айтат. Маази суусу - ак түстө, суюк, илешкээк суу, ышкы кумары козголгондо же жыныстык катнаштан мурда агып чыгат. Ал маази суусу агып чыккандан кийин эмне кылуу керектигин билбей, ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) суроодон уялат. Анткени аялы Фатима пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызы эле. Анан ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурап келүүнү Микдад бин ал-Асваддан суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аспабын жууп анан даарат алсын - деп жооп берет.
Абдуллах бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - дедим. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу" - деди. Ушинтип мага ушул иш-амалдарды айтты. Эгер мен дагы сураганымда, ал дагы айтмак.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Иш-амалдардын кайсысы Аллахка көбүрөөк жагымдуу? деп суралды. Так шариятта көрсөтүлгөн убактысында окулган парз намаз - деди ал. Андан кийин ата-энеге жакшылык кылып, алардын акысын өтөп, аларды нааразы кылып каарына калбай, жакшы мамиле кылуу. Андан кийин Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн, исламды жана мусулмандарды коргоо үчүн жана анын шариятын ачыкка чыгаруу үчүн малы жана жаны менен Аллахтын жолунда жихадга чыгуу. Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Ал мага ушул иш-амалдар тууралуу айтты. Эгер мен: андан кийинчи? - деп, дагы сураганымда, ал мага дагы айтмак.
Сахл бин Саъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хайбар күнү минтип айткан: "Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, Аллах сенин себебиң менен бир адам туура жолго салса, бул сага кызыл төөлөргө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең Хайбардагы жөөттөр жеңилерин кабарлап, бул жеңиш ал берген тууну кармаган адамдын кол алдында болорун айтат. Туу - бул, жоокерлер согушта өз эн белгилери катары көтөрүп жүргөн желек. Тууну бере турган кишинин сыпаты мындай: ал Аллахты жана анын элчисин жакшы көрөт. Аллах менен Анын элчиси да аны жакшы көрөт. Мындай улук сый-урматка жетүүгө кызыккан сахабалардын баары түнү менен ал ким болор экен деп сүйлөшүп, самап чыгышат. Эртеси бул улук сыйды үмүт кылып баары Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына келишти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абуталиб кайда экенин сурады. Анын көзү ооруп жатканын айтышты. Аны чакарып келгенге бирөөнү жиберип, ал Алини чакырып келди. Анан шилекейин Алинин көзүнө сүртүп, ага шыпаа тилеп дуба кылды. Анын көзү эзели оорубагандай болуп айыгып калды. Анан ага тууну карматып, душмандын чеп, сепилдерине жеткенге чейин эч кимге зыян тийгизбей барып, аларга жеткенден кийин исламга кирүүнү сунуш кылууну, эгер сунушту кабыл кылышса, алардын моюнуна кандай парздар милдет болорун эскертүү керектигин айтат. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге Аллахтын динине чакыруунун артыкчылыгын эскертип, эгер адам бирөөнүн динге кирүүсүнө себепкер болуп калса, арабтар үчүн эң баалуу болгон кызгылт төөгө ээ болуудан да же ошондой төөнү садага кылгандан да артык сооптуу иш экенин айтат.
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда казатка чыккан адамдын сапарга керектүү каржыларын, курал-жарагын, азык-түлүгүн ж.б. камдап берген адам, казатка чыккандын өкүмүндө болуп, казатка чыккан адамдай соопко ээ болот. Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.
Яхья бин Умара ал-Мазиний айтат: Амр бин Абу Хасан, Абдуллах бин Зайддан пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандай даарат алганы тууралуу сурап жатканына күбө болуп калдым. Ал бир идишке суу алдырды. Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү . Идиштен колуна суу куюп, колдорун үч жолу жууду. Анан идишке колун салып суу алып, үч жолу оозуна суу алып гаргара кылып жууп, мурдуна суу алып кайра чимкирди. Анан колун салып суу алып бетин үч жолу жууду. Анан колдорун эки чыканагын кошуп эки жолу жууду. Анан колун сууга салып башына бир жолу масх тартып, башынын алды жагынан баштап, кайра баштаган жерине алып келди. Анан буттарын томугун кошуп жууду.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Абдуллах бин Зайд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын кандай даарат алганын иш жүзүндө аткарып көрсөтүп берген. Алгач кичинекей идишке суу алдырды Оболу колун жуудан баштады, анан идишти кыйшайтып, бир аз суу куюп, колдорун идиштин сыртына үч жолу жууду. Анан колун идишке салып, андан үч жолу суу сузуп алып, ар бир алганы менен оозун гаргара кылып жууп жана мурдуна суу алып чимкирди. Анан идишке колун салып суу сузуп алып, аны менен үч жолу бетин жууду. Анан дагы суу сузуп алып, эки колун чыканактарын кошуп эки жолудан жууду. Анан колун дагы идишке салып, (суу) колдору менен башынын алды жагынан арт жагына карай желкесине чейин бир жолу масх тартып барып, кайра бешенесине чейин тартып келди. Анан эки бутун томуктарын кошуп жууду.
Аммар бин Ясир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени кайсы бир ишке жумшады. Мен жунуб болуп калып, жуунгага суу таппай койдум. Анан жан-жаныбарлар оонаган сыяктуу топуракка оонап, буланып (намаз окудум). Кийин Аллахтын элчисине келгенде ушуну айтсам, ал: "Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда баратып, Аммар бин Ясирди бир ишке жумшайт. Ал аялына кошулуппу, же (түшүркөп) кумарлануу менен уруктугу чыгып кетиппи, айтор жунуб болуп калат. Анан жунубдуктан жуунганга суу таба албайт. Ал жунубдукка таямум кылуунун өкүмүн билбейт эле. Кичи дааратка таямум кылуунун өкүмүн билчү. Анан өзүнчө изилденип ижтихад кылып, кичи дааратка таямум кылганда жуула турган мүчөлөрүнө топурак сүрткөн сыяктуу, жунубдукка таямум кылганда бүт денеге топурак сүртүү керек го деп ойлойт. Анан денеси менен топуракка буланып, намаз окуйт. Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, кылганы туура, же туура эмес экенин билүү үчүн аны пайгамбарга айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага заара ушатуу сыяктуу жеңил дааратсыздыктан да, жунубдук сыяктуу оор дааратсыздыктан да таямум менен тазалануунун жолун үйрөтүп баяндап берет: ал мындай кылат, алгач эки алаканын топуракка чаап, анан сол колу менен оң колун сылап, эки колунун үстүн жана бетин сылайт.