





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү жерди чеңгелдеп чогултуп, асманды оң колу менен түрүп, биринин-үстүнө бирин жыйып, аны кетирип жок кылат. Кийин: Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?! - дейт.
Абдулла бин Амр (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат күнү анын узундугу жана туурасы бир айлык жол болгон Хауду тууралуу кабар берди. Ал эми анын суусу сүттөн ак. Жана анын таттуу жыты мисктин жытынан жакшыраак. Анын кумуралары асмандагы жылдыздардай көп. Ким ошол кумуралар менен Хауддан ичсе, анда ал эч качан суусабайт.
Асма бинти Абу Бакр, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү анын үммөтүнөн ага келе жаткан адамдарды көрүү үчүн өзүнүн Хаудунда болоорун баяндады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, адамдар жакын калганда, алардын жолдору жабылат. Ошондо Пайгамбар: «Оо, Раббим, булар менден жана үммөтүмдөн» - деп айтат. Алар сен кеткенден кийин эмне кылышканын билбейсиңби? Аллахка ант болсун! Алар кайра каапырлык жолдоруна кайтышып, динден чыгып кетишкен. Демек алар сенден да, үммөтүңдөн да эмес - деп айтылат.
Абу Зар, радыяллаху анху, риваят айтты: Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү Хауддун куюучу идиштери асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан да көп болот деп Аллахтын аты менен ант ичип айтты. Асмандын жылдыздары ай чыкпаган караңгы түндө көбүрөөк болот. Анткени айдын жарыгы жылдыздарды тоскону үчүн ачык болбойт. Ошондой эле булуттардын болушу жылдыздардын көрүнбөй калышына тоскоол болот. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз айсыз жана ачык асмандагы жылдыздар деп айтты. Ал эми бейиштин идиши – кимде-ким андагы суусундуктан ичсе, эч качан чаңкабайт жана ал учур анын акыркы чаңкагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы куюп турат жана анын туурасы узундугуна барабар болот. Хауддун узуну менен туурасы бирдей. Анын ченеминин узундугу - Балка аймагындагы Амман менен Леванттын четиндеги белгилүү шаар болгон Айлага чейинки аралыкка барабар болот. Хауддун суусу сүттөн ак, даамы балдын даамынан таттуу болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнөнүн оту тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири экенин айтты. Акырет оту бул дүйнөнүн отунун ысыгына караганда, анын температурасы алтымыш тогуз эсе жогору болгонун айтты. Ошондой эле анын ар бир бөлүгү бул дүйнөнүн отунун ысыгына барабар. «Оо, Аллахтын Элчиси, бул дүйнөнүн оту тозокко кирген адамды азаптоого жетиштүү эле» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозок оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз бөлүккө көп жана алардын ар биринин ысыктыгынын күчтүүлүгү бул дүйнө отундай ысык» - деп айтты.
Абдуллах ибну Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин ага периште жөнөтүлүп, төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Андан кийин ага жан салынат. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Ибн Масуъд: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал айтканында чынчыл жана тастыкталган» - деп айтты. Анткени ал Аллах Таала тарабынан тастыкталган эле. Пайгамбар айтты: «Силердин жаралууңар бир канча күндө бириктирилет». Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күндө жыйналат. Анан ал «Алака» болот. Ал коюу, катуу кан. Бул экинчи кырк күндүк убакытта болот. Анан ал мудгага айланат. Ал бир кесим эт. Бул үчүнчү кырк күндүк убакытта болот. Андан кийин Аллах ага периштени жиберет. Ал периште үчүнчү кырк күндөн кийин ага рух үйлөйт. Периште төрт сөздү жазууга буйрулат: Анын ырыскысы. Ал бул жашоосунда канчалык өлчөмдө ала турган ырыскысы жазылат. Анын ажалы: анын бул дүйнөдө жашай турган мөөнөтү жазылат. Ал эми анын иш-аракеттери жана анын кандай иш-аракет экендиги жазылат. Ошондой эле анын бактысыз же бактылуу экендиги жазылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип мындай деп айтты: «Бир адам бейиш ээлеринин амалдарын жасайт жана анын амалдары адамдарга салих амалдар болуп көрүнөт. Аны менен бейиштин ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ал жакшы амалдарды аткарып жүрөт». Ал менен Бейиштин ортосундагы бир чыканактай гана аралык калгандан кийин жазылган китеби жана белгиленген тагдыры ага үстөмдүк келип, ал тозок элинин амалын кылат жана ал амалдары анын жашоосундагы акыркы амалдары болуп тозокко кирет. Анткени, анын кылган иш-аракеттеринин кабыл болушунун шарты – аны туруктуу, өзгөртпөй аткарып жүрүүсү керек. Ал эми адамдардын кээ бирлери тозок ээлеринин амалдарын тозокко кирүүгө жакындаганга чейин аткарат жана тозок менен анын ортосунда чыканактай аралык калат. Ошондо жазылган китеби жана белгиленген тагдыры үстөмдүк кылат. Ошондо ал бейиш ээлеринин амалдарын жасап, бейишке кирет.
Тооус, рахимахуллах, айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын кээ бирлерин мындай деп айтканын уктум: «Бардык нерсе тагдырга жараша болот». "Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты.
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык нерсе тагдыр менен болорун айтты. Жада калса жалкоолук да тагдыр менен болорун айтты. Жалкоолук - бул кылынышы керек болгон нерсени таштоо. Дүйнө жана акырет иштерин өз убактысынан кечиктирүү. Жада калса шаттуулук да тагдыр менен болот. Шаттуулук - бул дүйнө жана акырет иштеринде аракеттенүү жана акылдуулук кылуу. Аллах Таала жалкоолукту, шаттуулукту жана башка бардык нерсени тагдыр кылып койгон. Ага Аллахтын илими жана каалоосу болмоюнча ишке ашат.
Матар бин Укамис, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат».
Ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп кабарлайт: «Эгерде Аллах пенде жок болгон жерде өлүшүнө өкүм кылса, анда Аллах аны ал жерге муктаж кылып коёт. Андан соң ал муктаж жерине келгенде анын жаны алынат».
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылат: Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Анас бин Малик, радыяллаху анху, айтат: Сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганда, бир адам төөгө минип келип, аны чөгөлөтүп байлап койду. Анан алардан: «Силердин кимиңер Мухаммад?» — деп сурады. Ал эми Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалардын арасында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — жөлөнүп жаткан ак адам» - деп айттык. Ал киши Пайгамбарыбызга: «Эй Абдулмутталибдин уулу!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сени уктум, сура, мен сага жооп берем» - деп айтты. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроолорду сураймын. Жана мен бул суроолордо катуумун, өзүңө катуу алба» - деди. Башкача айтканда, мага ачууланба, капа болбо деди. Пайгамбар: «Каалаганыңды сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени жалпы адамдарга жибердиби?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп чынчылдыгын тастыктаган абалда айтты. Ал киши: «Сага Аллахтын аты менен касам ичип айтам». Башкача айтканда: «Мен сенден Аллахтын аты менен суранам, Аллах сага беш убак намазды күнү-түнү окууну буйрудубу?» деди. Ал парз намаздар. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах силерге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?». Ал рамазан айы. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?». Бул зекет. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ошондо Димам Исламды кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, элин Исламга чакыра турганын айтты. Анан өзүн тааныштырып, ал Бани Саад бин Бакр уруусунан Димам бин Саълаба экенин айтты.