





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдуллах бин Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт».
Ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: адамда төмөнкүдөй жаман сапаттары болсо, анын ыйманы толук болбойт: адамдардын ата тегин кемсинтсе, дайыма сөгүнүп каргыш айтып жүрсө, уят жаман иштерди кылып, ушундай сөздөрдү сүйлөсө.
Абу Аббас Сахл бин Саад ас-Саади (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Мага аны аткарсам Аллах да, пенделер да жакшы көрө турган ишти айтыңызчы?" - деди. Ал мындай жооп берди: "Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
رواه ابن ماجه وغيره بأسانيد حسنةБир киши пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы ишти аткарса Аллах Таала да, адамдар да жакшы көрөрүн сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): бул дүйнөдө ашыкча болгон, акыретиңе пайдасы жок, диниңе зыянын тийгизе турган нерселерден баш тартсаң, Аллах жакшы көрөт. Ал эми адамдардын колундагы нерселерден баш тартсаң, адамдар жакшы көрөт. Анткени алар дүнүйөнү жакшы көрөт, дүнүйө топтоодо атаандаш болгон адамды жаман көрүшөт. Аларга атаандашпай таштап койгон адамды жакшы көрүшөт.
Микдад бин Маъди Кариб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
رواه الإمام أحمد والترمذي والنسائي وابن ماجهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) медицинадагы негизги нерселердин бирине багыттады. Бул аз тамактануу аркылуу ден соолукту сактоо. Адам иштерин жасаганга күч бере тургандай тамак жесе жетиштүү. Себеби адамдын тамакка толгон аш казаны эртедир-кечтир ачык же жашыруун көптөгөн ооруларга чалдыктырат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер адам курсагын тойгузушу керек болсо, анда аш казандын бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн сууга, бир бөлүгүн абага калтырышы керектигин айткан. Ошондо аш казан кысылбай, Аллах Таала буйруган дүйнө жана дин амалдарын аткарууга жеңил болот.
Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Муслим жазып калтырганЖарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аялга атайлабай, кокустан көз чаптырып алуу тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындайда дароо башка тарапка жүз буруп кетүү керектигин айтат. Ошондо ага эч кандай күнөө жазылбайт.
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Асламини (зина кылганы үчүн) жазалап бүткөндөн кийин Аллахтын элчиси туруп мындай деди: "Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".
رواه الحاكم والبيهقيИбн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Мааиз бин Малик Асламини (ага Аллах ыраазы болсун) зына кылганы үчүн жазалагандан кийин, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элге кутпа кылып, мындай деген: Аллах Таала тыйган жек көрүндү, жийиркеничтүү иштен алыс болгула. Ким бул ишти кылса, ага эки нерсе важыб болот: Биринчи: Аллах да аны жашыруусу үчүн кылган күнөөсүн жашыруу, күнөөсүн эч кимге айтпоо. Экинчи: күнөөнү улантып кыла бербей, дароо Аллахка тообо кылып кайтуу. Кимдин күнөөсү бизге ачык болсо, анда ошол күнөө үчүн Аллахтын китебинде айтылган жазаны беребиз.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинтпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман экинчи мусулман бир тууганына жакшылык кылуусун осуят кылып, кээ бир аткаруусу зарыл болгон важибтерди жана адептерди баян кылган. Алар төмөнкүлөр: Биринчи осуяты: бирөөдөгү жакшылыктарды көралбай, андан кетүүсүн самап көралбастык кылбоого. Экинчиси: өзү сатып алууну каалабай туруп буюмдун баасын көтөрүп, сатуучуга пайда, сатып алуучуга зыян келтирген жасалма соода кылбоого. Үчүнчүсү: жек көрбөгүлө деди. Бул - жамандык каалоо, жакшы көрүүнүн тескериси. Жек көрүү Аллах үчүн болсо гана болот. Бул учурда важиб болуп калат. Төртүнчүсү: бири-биринен жүз буруп, артын салып тескени карап кетпөөгө. Бешинчиси: Бирөөнүн соодасынын үстүнө соода кылбоого. Мисалы, буюмду сатып алып жаткан кишиге келип "менде ушул эле нерсе баасы арзаныраак бар" деп бузбоого. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпылай мындай осуятын айтты: жогоруда айтылган жаман сыпаттарды таштап, мээрим, сүйүү, жумшактык менен бири-бириңди колдоп, таза жүрөк, жакшы насыйкаттар менен жакшылыкта жардам берип, бир туугандай болгула. Бул бир туугандык талап кылган иштер: Мусулман бир тууганына зулумдук жана душмандык кылбоо. Мусулман бир тууганын зулумдукка кабылтып, өзү жардам бере ала турган абалда туруп ага жардам көрсөтпөй таштап койбоо. Мусулман бир тууганын кемсинтип, ага жаман көз караш менен карабашы керек. Мындай мамиле жүрөктөгү текебердиктен чыгат. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч жолу такыбалык жүрөктө болорун айтты. Кимдин жүрөгүндө Аллахтан коркууну, жакшы ахлакты камтыган такыбалык болсо, ал башка мусулманды кемсинтпейт. Текебер жүрөктөн чыкчу, мусулман бир тууганын кемсинте турган жаман мүнөздөн сактайт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулмандын экинчи мусулманга арам болгон үч нерсесин бекемдеп айтты: каны, душмандык кылып өлтүрүү же жаракат алдыруу, уруу ж.б. Мал-дүйнөсү: анын мал-мүлкүн акысыз алуу. Ар-намысы: анын өзүнө же ата тегине шек келтирүү.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын Аллахтын астындагы сыйы анын бул дүйнөдө башка мусулмандарга кылган жакшы мамилесине жараша болот; ким бир мусулмандын кайгысын кетирип, жеңилдетип, жардам берсе, Аллах Таала анын кыямат күнкү кыйынчылыктарын жеңилдетүү менен сыйлайт. Ким бирөөнү кыйынчылыктан чыгарса, Аллах аны дүйнө жана акыретте кыйынчылыктан чыгарат. Ким бир мусулмандын ачыкка чыгарууга болбой турган айып, ката-кемчилигин жашырып койсо, Аллах анын кемчилигин дүйнө жана акыретте жашырат. Пенде башка бир тууганынын дүйнөлүк жана акыреттик ишине жардам берип колдогон сайын Аллах Таала аны колдой берет. Колдоо дуба кылуу менен, физикалык жана каржылык жактан болот. Ким Аллахтын ыраазылыгын көздөп шарият илимин издеп чыкса, Аллах Таала ага бейиштин жолун жеңил кылат. Адамдар Аллахтын үйү мечитке чогулуп, Куран окуп, бири-бирине үйрөтүп отурса, аларга бейпилдик, тынчтык түшөт. Аларды Аллахтын ырайымы курчайт. Периштелер курчап алат. Алла Таала аларды периштелерге мактайт. Аллахтын периштелерге пендесин мактаганы жетиштүү кадыр-барк болот. Кимдин амалдары аз болсо, жакшы амал кылгандардын мартабасына жетпесе, ал ата-бабасынын тегине, урматына таянып амалдарды таштап койбосун.
Абу Рукая Тамим бин Аус ад-Даари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз жана алдамчылыксыз менен аткарылышын айткан. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Насаат кимге берилет?» - деп сурашканда ал мындай деди: Биринчиси: Насаат Аллах Таала үчүн б.а. чын-ыкластан Аллах үчүн иш-аракеттерди аткаруу, Ага шерик кошпоо. Ага рубубиятта, илахиятта жана ысым-сыпаттарында ыйман келтирүү, Анын буйругун бийик тутуп аткаруу жана Ага ыйман келтирүүгө чакыруу. Экинчиси: Насаат Аллахтын Китеби үчүн, ал Ыйык Куран б.а. бул Аллахтын сөзү, китептеринин акыркысы экендигине жана ал Куран өзүнөн мурунку бардык шарият мыйзамдарын жокко чыгарганына ишенүүбүз, Аны урматтообуз жана аны туура окуубуз керек. Андагы мухкам аяттарга амал кылуубуз жана муташабих аяттарга моюн сунуубуз зарыл. Аны бурмалоочулардын чечмелөөсүнөн коргообуз. Анын насааттарын, анын илимин таралуусун жана ага чакырууну этибарга алуубуз керек. Үчүнчүсү: Насаат Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн б.а. ал элчилердин акыркысы экенине ишенүүбүз жана ал алып келген нерсени тастыктообуз, анын буйруктарына баш ийүүбүз жана тыюу салган нерселеринен сактануубуз, ал алып келген нерсе менен гана Аллахка ибадат кылуубуз, анын акысын улуктообуз, урматтообуз, анын даават, шарият мыйзамын жайылтуубуз жана Ага коюлган дооматтарды четке кагуубуз керек. Төртүнчүсү: Насаат мусулмандардын башчылары үчүн б.а. бул мусулмандардын башчыларына акыйкатты жайылтууда жардам берүү, алар менен бир иштерде талашып-тартышпоо жана Аллахка ибадат кылууда аларды угуп жана аларга моюн сунуу керек. Бешинчиси: Насаат жалпы мусулмандар үчүн б.а. бул жалпы мусулмандарга жакшылык кылуу жана аларга даават кылуу, аларга зыян жеткирүүдөн тыйылуу, аларга жакшылыктын жетүүсүн жакшы көрүү жана алар менен жакшылыкка жана такыбалыкка көмөктөшүү.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
رواه البخاري ومسلمПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садагалар мал-мүлктөн гана бере турган садага эмес, жакшы иштердин баарына тиешелүү садагалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садага. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садага. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо - садага.