





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Убада бин Ас-Самит, радыяллаху анху, айтты: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жеңил жана оор шарттарда, байыган кезде жана жакырчылыкта башчыларга жана өкүмдарларга моюн сунуу үчүн сахабалардан келишимдерин жана убадаларын алды. Ал башчылардын буйруктары напси жактырган нерседе болобу же жек көргөн нерседе болобу, мейли алар элдин акчасы менен, мансап же андан башка нерселер менен элди башкарып, көзөмөлдөп турса дагы, аларды угуу, аларга баш ийүү важиб. Адамдар аларга каршы көтөрүлүшкө чыгышпасын. Анткени алар менен күрөшүүдөгү фитна жана бузукулук алардын зулуму себептүү болгон бузукулуктан да чоң жана зыяндуу. Алар айыптоочулардан коркпой, Аллахка чын ыкластуу болуп, каалаган жерде чындыкты айтууга убада кылышкан.
Ыймандуулардын энеси Умму Салама (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте бизге чыга турган башчылар жөнүндө кабар берген. Алардын кээ бир иштери шариятка дал келгендиктен аларды аткарабыз. Кээ бир иштери шариятка каршы келгендиктен, аларды аткарбайбыз. Ким туура эмес ишти кайтарууга кудурети жетпегендиктен жүрөгү менен жек көрүп, четке какса, ал күнөөдөн жана эки жүздүүлүктөн кутулат. Ал эми колу же тили менен кайтарууга кудурет жетип аларды кайтарса, күнөөдөн жана аларга шериктеш болуп калуудан саламат болот. Ал эми ким аларга ыраазы болуп, алардын жаман иштерин кошо аткарса, алар туш болгон азапка туш болот. Ошенткенде сахабалар: "Ушундай сыпаты бар башчыларга каршы чыгалыбы?" деп сурашты. Аларды андай кылуудан тыйып: "Жок, араңарда намаз окуп турушканда (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
Абу Муса аль-Ашьари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде эгерде мусулман адам дени сак жана сапарга чыкпаган кезинде жакшы иш-аракеттерди аткарып жүргөн болсо, оору же сапар ж.б. үзүр себептүү ал иш-аракеттерин аткара албай калса, анда ага сообу жазыла берээрин айтып, Аллахтын пазилеттүү жана мээримдүү экенин кабарлап жатат.
Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз жана алдамчылыксыз менен аткарылышын айтты. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Насаат кимге берилет?» - деп сурашканда ал мындай деп айтты: Биринчиси: Насаат Аллах Таала үчүн б.а. чын-ыкластан Аллах үчүн иш-аракеттерди аткаруу, Ага шерик кошпоо. Ага рубубиятта, улухиятта жана ысым-сыпаттарында ыйман келтирүү, Анын буйругун бийик тутуп аткаруу жана Ага ыйман келтирүүгө чакыруу. Экинчиси: Насаат Анын Китеби үчүн, ал Ыйык Куран б.а. бул Аллахтын сөзү, китептеринин акыркысы экендигине жана ал Куран өзүнөн мурунку бардык шарият мыйзамдарын жокко чыгарганына ишенүүбүз, Аны урматтообуз жана аны туура окуубуз керек. Андагы мухкам аяттарга амал кылуубуз жана муташабих аяттарга моюн сунуубуз. Аны бурмалоочулардын чечмелөөсүнөн коргообуз. Анын насааттарын, анын илимин таралуусун жана ага чакырууну этибарга алуубуз керек. Үчүнчүсү: Насаат Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн б.а. ал элчилердин акыркысы экенине ишенүүбүз жана ал алып келген нерсени тастыктообуз, анын буйруктарына баш ийүүбүз жана тыюу салган нерселеринен сактануубуз, ал алып келген нерсе менен гана Аллахка ибадат кылуубуз, анын акысын улуктообуз, урматтообуз, анын даават, шарият мыйзамын жайылтуубуз жана Ага коюлган дооматтарды четке кагуубуз керек. Төртүнчүсү: Насаат мусулмандардын башчылары үчүн б.а. бул мусулмандардын башчыларына акыйкатты жайылтууда жардам берүү, алар менен бир иштерде талашып-тартышпоо жана Аллахка ибадат кылууда аларды угуп жана аларга моюн сунуу керек. Бешинчиси: Насаат жалпы мусулмандар үчүн б.а. бул жалпы мусулмандарга жакшылык кылуу жана аларга даават кылуу, аларга зыян жеткирүүдөн тыйылуу, аларга жакшылыктын жетүүсүн жакшы көрүү жана алар менен жакшылыкта жана такыбалыкта жардамдашуу.
Аиша (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин үйүмдө минтип айтканын уктум: «Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».
Муслим жазып калтырганАллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын иштерин башкарган адам жаш болсун же улгайган болсун, алардын баарына дуба кылды. Жана бул башкаруу жалпы башкаруу болсун же жеке башкаруу болсун, ал башчы аларга жылуу мамиле кылбай машакат туудурган болсо, анда Аллах таала аны кылган ишине жараша машакатка салып коёт. Кимде-ким аларга жылуу мамиле кылса жана алардын иштерин жеңилдетсе, анда Аллах ага боорукерлик кылат жана анын иштерин жеңилдетет.
Маъкил бин Ясар Аль-Музани (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин уктум: «Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир адамды башкаруучу жана адамдарга жооптуу кылып койгонун кабарлап жатат. Амир сыяктуу жалпы башкаруучу болобу, же өз үйүндөгү эркек жана өз үйүндөгү аял сыяктуу жеке башкаруучу болобу, айтор, ал өз кол алдындагы адамдын акысында кемчилик кетирип, аны алдап, ага насаат айтпай, анын диний жана дүйнөлүк акыларын текке кетирсе, анда ал бул катуу жазага татыктуу болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте мындайча баяндады: "Кимде-ким башчыларга баш ийүүсүнөн тайып, имамга байъат кылууну макулдашкан Ислам жамаатынан бөлүнүп кетсе жана баш ийбесе, ошол бөлүнүп жүргөн абалында өлсө, анда ал жахилият (5) элинин өлүмүндөй өлөт. Алар мусулмандардын башчысына баш ийбей, жамаатка кошулбагандар. Тактап айтканда алар бири-бири менен согушкан топтор". Жана Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чындыктын жүзү ачык көрүнбөгөн туунун астында согушкан, дин жана чындык үчүн эмес, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилгендерге ачууланарын кабар берди. Алар көрөгөчтүгү жана илими жок, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилип согушат. Эгер алар ошол абалда өлтүрүлсө, жахилият элинин өлүмүндөй өлөт. Кимде-ким Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө каршы чыкса, анын салих жана бузуку элине сокку урса, кылган иштерине маани бербесе жана ыймандууларды өлтүрүү азабынан коркпосо жана каапырлар же башчылар менен болгон келишимин аткарбаса, тескерисинче ал келишимди бузса, анда анын бул кылганы чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Ким аны кылса, анда ал катуу азапка татыктуу болот.
Арфажа, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: "Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп баяндап жатат. Мусулмандар бир өкүмдардын астына жана жалпы мусулмандар жамаатына биригишсе, андан кийин ал өкүмдар менен өкүм талашууну каалаган же мусулмандарды бир нече жамаатка бөлүүнү каалаган бирөө келсе, анда ал адамды жамандыгынан кайтаруу үчүн жана мусулмандардын канын сактоо үчүн тыюу керек же ал адамга каршы күрөшүү керек.
Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу".
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолундагы жихаддын эң чоң жана эң пайдалуу түрү - заалым падышага адилеттүү, ак сөздү тайманбай айтуу деп айткан. Анткени, аны менен жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу милдетин аткарат. Жаман иштен жакшы ишке кайтара турган сөзүн айтабы, кат жазып жибереби же иш-аракети менен көрсөтөбү айырмасы жок.