





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлап жатат: Кимде-ким Рамазан айында Аллахка ыйман келтирип жана орозонун парздыгын тастыктап орозо кармаса, анда Аллах Таала орозо кармагандар үчүн сыйлыктарды жана соопторду даярдап койгон. Ал бул орозосун Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын акыркы он күнүндө болгон Кадыр түндү тосуунун пазилетин кабарлады. Ошондой эле кимде-ким ал түндө намаз окуу, дуба кылуу, Куран окуу жана зикир кылуу менен алек болуп, Кадыр түндүн болоруна, ал тууралуу келген пазилеттерине ыйман келтирип, кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтан гана сооп-сыйлык үмүт кылып, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен өткөрсө, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилишин кабарлады.
Ан-Нууман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Нууман эки манжасы менен кулагынына ишара кылып: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум» - дейт. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нерселерге байланыштуу жалпы айтылган эрежени ачыктап жатат. Ал эреже шариятта үчкө бөлүнөт: Ачык-айкын адал, ачык-айкын арам жана өкүмдө адалдык жана арамдык жагынан ачык-айкын болбогон күмөндүү иштер. Анын өкүмүн көп адамдар биле бербейт. Демек кимде-ким ошол күмөндүү нерселерди таштаса, анда анын дини аны арамга түшүп калуудан сактайт жана анын намысы бул күмөндүү иштерди жасаган себебинен аны айыптаган адамдардын сөзүнөн аман болот. Кимде-ким күмөндүү нерселерден алыстабаса, анда ал же арамга түшүп калат, же адамдар анын намысына тийишет. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күмөндүү нерселерди аткарып койгон адамдын абалын баяндоо үчүн мисал келтирди. Бул кожоюну коргогон жердин жанында малын жайып жүргөн чабанга окшош. Чабандын малы бул коруктун жанына жакын жайгашкандыктан, жайылып ага өтүп кетүүсүнө аз калат. Ошондой эле, кимде-ким күмөндүү бир ишти кылса, анда ал арамга жакындайт да ал арамга түшүп калышына аз калат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) денеде бир үзүм эт бар экенин, (ал жүрөк) ал оңолсо, дененин баары оңолоорун жана ал бузулса, дененин баары бузулаарын кабар берди.
Шаддад бин Авс (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: «Мен Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки нерсени жаттап алдым». Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу. Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо. Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
Ад-Даракутни жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыян менен зыяндын ордун толтуруу туура эмес. Анткени зыянды зыян менен кетирүү болбойт. Бирок зыянды чектен чыкпаган касас (1) менен жоюуга болот. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга зыян келтиргендерге зыяндын азабы болоорун, адамдарга катаал болгондор үчүн кыйынчылыктын азабы болорун баяндады.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Жебирейил периште Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайра-кайра кайталап, үйгө жакын жайгашкан кошунасына, мусулманбы же каапырбы, тууганбы же башкабы, анын акысын сактап, ага зыян келтирбестен, ага жакшылык кылып жана анын зыянына сабыр кылып, кам көрүүнү буйруп жатканын кабарлап жатат. Жебирейил периште Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кошунанын акысын сыйлаш керек деп ойлогонго чейин кайра-кайра кайталады. Жебирейил периштенин кайра-кайра кайталоосу өлгөндөн кийин кала турган кошунасынын мал-мүлкүнөн мурас берилээрине вахий түшөт деген ойду пайда кылды.
Абдулла бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Рукия, тумарлар жана тивала ширк».
Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк иштерин баяндады. Алар: Биринчи: Рукия. Бул - Исламга чейинки доордо жашаган элдердин шыпаа табуу үчүн колдонгон ширк аралашкан сөздөрү жана дубалары. Экинчиси: Мончоктордон жана ушул сыяктуу нерселерден жасалган тумарлар. Муну жаман көздөн сактануу үчүн балдарга, жаныбарларга жана башкаларга тагышат. Үчүнчүсү: Тивала. Бул - жубайларды бирини экинчисине сүйдүрүү үчүн жасалат. Бул иштердин баары ширк. Анткени ширк шариятта далилденбеген бир нерсени же тажрыйба менен далилденбеген бир нерсени себеп кылуудан болот. Ал эми Куран окуу сыяктуу шариятта бар себептер же тажрыйба менен далилденген дарылар сыяктуу көзгө көрүнгөн себептерге келсек, пайда менен зыян Аллахтын колунда деген ишеним менен аларды себеп деп эсептесе болот.
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти.
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлгөндөрдү тилдөөнү жана алардын ар-намысына тийүүнүн арам экенин баяндап жатат. Бул тилдөө адеп-ахлактын терс жактарынын бири. Анткени алар аткарган жакшы же жаман иш-аракеттерине жетишкен. Ошондой эле бул тилдөө аларга жетпейт. Анткени ал тилдөө тирүүлөргө гана зыян жеткирет.
Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын сактоосунда, көзөмөлүндө жана коргоосунда болоорун кабарлап жатат. Аллах Таала аны душмандан сактайт жана аларга үстөмдүк кылат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын калтырып же багымдат намазын окугандарга кол салып, аларга душмандык кылып, Аллах коргоосуна алган адам менен Аллахтын ортосундагы бул келишимди бузгандарга, аны жараксыз кылгандарга катуу эскертти. Анткени кимде-ким бул келишимди бузса, анда Аллахтын коргоосун бузган болот. Ал Аллахтын коргоосундагы адамдын акысына душмандык кылганы себептүү ал катуу азапка татыктуу болот. Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозокко ыргытат».