Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып, андан кийин: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтса, анда Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» деди да: «Мен сенин күнөөлөрүңдү кечирдим» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим» - деп айтты. Андан кийин кайра ал адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим. Ал ар бир күнөө кылган сайын күнөөсүн таштап, өкүнүп, кайра ага кайтпоону чечип бирок напси аны жеңип кайра күнөөгө батса, анда каалаганын кылсын. Ал күнөө кылып анан тообо кылып ушундай кыла берсе, анда Мен аны кечирем. Анткени тообо андан мурункуларды жок кылат» - деп айтты.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды башкарууда, аларга өкүм чыгарууда жана үй-бүлөлөрүнүн ортосунда адилеттүүлүк жана акыйкат менен өкүм кылгандар Кыямат күнү аларды урматтоо үчүн нурдан жаратылган бийик отургучтарда отурушаарын кабар берүүдө. Бул минбарлар Мээримдүү Аллах Тааланын оң жагында жана Анын эки колу тең оң.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: боорукерликтен куру калган адамдын дүйнө ишинде да, акырет ишинде да, өзүнө кылган ишинде да, өзгөлөргө кылган ишинде да ийгилик болбойт. Ал бардык жакшылыктан тыйылып калат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шариятта тыюу салынган гыйбатты мындайча түшүндүрүп жатат: Мусулмандын артынан анын жаратылышындагы же адеп-ахлагындагы жек көргөн нерсесин айтуу. Мисалы: Кылый, алдамчы, жалганчы жана ушуга окшогон жаман сыпаттарын айтуу, эгер ошол сыпаттары анда бар болсо да. Ал эми анда ал сыпат жок болсо, анда бул гыйбат кылуудан да жаман. Бул жалаа б.а. адамда жок нерсе менен жалаа жабуу.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын мал-мүлкүн алдамчылык менен иштетип, аны адилетсиз алып жаткан адамдар жөнүндө айтып жатат. Мунун мааниси мал-мүлктү адал эмес жолдор менен табуу, аларды жыйноо жана туура эмес жерлерге сарптоо жагынан жалпыга тиешелүү. Буга жетимдердин жана вакф фонддорунун акчасын жеп, аманаттарды четке кагуу, коомдук фонддон негизсиз каражаттарды алуу кирет. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын жазасы Кыямат күнү тозок болорун айтты.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын арасын бөлүп жара турган жана ортодо душмандыкты пайда кыла турган кээ бир жаман адаттардан тыйып, эскерткен. Мындай адаттардын кээ бири төмөнкүлөр: (Жаман күмөн саноо) бул эч кандай далили жок эле жүрөктө пайда болгон доомат, шек-күмөн, муну сөздөрдүн эң жалганы деп баяндаган. (Тахассус, аңдуу): көзү менен да, кулагы менен да адамдардын айыбын аңдып, изденүү. (Тажассус, баканооздук кылуу): жашыруун иштерди билүү үчүн атайын тыңчылык кылуу, көбүнчө жаман иштерге тыңчылык кылууга айтылат. (Хасад, көралбастык) башкаларга кандайдыр бир жакшылыктын болуусун жаман көрүү, ичи тардык кылуу. (Тадаабур, жүз үйрүп кетүү) биринен бири жүз буруп кетүү, саламдашпай калуу, мусулман бир тууганынан кабар албай коюу. (Табаагуз, жек көрүү) жаман көрүү, жактырбоо, кабагын чытуу, жакшы кабыл кылбоо. Анан акырында мусулмандардын абалын оңдой турган көп жактуу сөздү айтты: (Аллахтын пенделери, бир тууган болуп жашагыла). Бир туугандык - аны менен адамдардын алакасы бекемделе турган, алардын араларында махабат, мээрди пайда кыла турган байланыш.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкалар үчүн жасалган ар бир жакшылык жана пайда, мейли ал сөз түрүндө болсун же иш жүзүндө болсун, ал садака болорун жана анда сооп жана сыйлык бар экенин кабар берип жатат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууга жана ал жакшылык аз болсо да кем санабай аткарууга үндөдү. Мисалы: Жолугушканда жылмаюу менен жүз көрүшүү. Демек, мусулман бир тууганы менен ынак болушу үчүн жана аны кубандыруу үчүн аз болсо да жакшылык кылууга кызыктырыш керек.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чыныгы күч дененин күчү эмес же башка билеги күчтүүнү жеңген адам күчтүү эмес. Тескерисинче, ачууланганда өзүн кармап напсиге каршы күрөшүп, ачуусун баскан күчтүү экенин баяндап жатат. Анткени, анда өзүн башкара ала турган күч жана шайтанга үстөмдүк кыла ала турган күч бар экендигин көрсөтүп турат.